“Медиа-порталдын” “Элдик видео” бөлүмүнө “150 мышык белгилүү ырчыны “мышыктар аралына” чакырды” деген аталыштагы видео жүктөлдү. (Ник: qwertyuy10)
Чынында видеороликке150дөй мышык тартылган. Анын негизги максаты – мышыктарды жакшы көргөн британиялык музыкант Эд Ширанды Япониядагы “мышыктар аралы” аталган Аиносимага чакыруу болуп саналат. Себеби ырчы жакында Японияга гастролдук турне менен бара турганы белгилүү болгон. Мындан улам аталган аралдын туристтик мекемеси ырчынын "Shape of you" ырына бул видеону тартып, муну менен ырчыны аталган аймакка чакырууну көздөгөн.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.