Тогуз коргоол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчулар 7 медаль жеңип алышты

Казакстандын Астана шаарында тогуз коргоол боюнча "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнө арналган Дүйнө чемпиондугунда Кыргыз спортчулары 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеште жалпы 25 өлкөдөн спортчулар катышып, тогуз коргоолдун 7 түрү боюнча күч сынашкан. Кыргыз өлкөсүнөн 9 спортчу катышып 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун:

Кубанычбек Ибрагимов - блиц;

2-орун:

Анарбек Жамакеев - блиц жана рапид түрүндө;

Жаңыл Сагынбекова - стандарт түрүндө;

3-орун:

Белек Мамбеталиев - стандарт түрүндө;

Адина Асейева - блиц түрүндө;

Мадина Курманбекова - рапид түрүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан