Ысык-Көлдө өтүп жаткан XVII эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында кумда ойнолуучу сумо боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 45 спортчу катышкан. Мелдеш эркектер, ардагерлер жана кыз-келиндер арасында өткөн. Алар 60, 70, 85, 100 килограммга чейинки жана 100 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашкан.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:
Эркектер арасында:
60 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Жанузак Тороканов (Бишкек);
2-орун: Кылыч Айбек уулу (Бишкек);
3-орун: Эркин Карим уулу (Бишкек).
70 килограммга чейинки салмак ченинде
1-орун: Каныбек Аман уулу (Аэропорт "Манас");
2-орун: Аян Сейитбеков (Бишкек);
3-орун: Нурбий Белеков (Бишкек).
85 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Аман Жол (Кытай)
2-орун: Изат Нурланов (Бишкек)
3-орун: Алим Жан (Кытай)
100 килограммга чейинки салмак ченинде:
1-орун: Чынгыз Керимкулов (Бишкек)
2-орун: Каныбек Аман уулу (Бишкек)
3-орун: Мирзат Мирзат (Аэропорт "Манас")
100 килограммдан жогору салмак ченинде:
1-орун: Алмаз Эргешов (Бишкек)
2-орун: Аман Жол (Кытай)
3-орун: Абду Эали (Кытай)
Ардагерлер арасында:
1-орун: Азамат Осмонбеков (Бишкек)
2-орун: Акылбек Сулайманов (Бишкек)
3-орун: Ташболот Ибраев (Бишкек)
Кыз-келиндер арасында:
1-орун: Мээрим Нурадилова (Балыкчы)
2-орун: Назима Амантурова (Бишкек)
3-орун: Асель Абетова (Бишкек)