Эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары": Кумда ойнолуучу самбо боюнча жыйынтыктар

Ысык-Көлдө өтүп жаткан XVII эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында кумда ойнолуучу самбо боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 40тан ашуун Орусия, Казакстан жана Кыргыз өлкөсүнөн спортчулар катышкан. Мелдеш эркектер, ардагерлер жана кыз-келиндер арасында өткөн. Эркектер арасында 68, 82 жана 100 килограммга чейинки салмак ченинде өтсө, кыз-келиндер арасында 52, 64 жана 72 килограммга чейинки салмак ченинде өткөн.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:

35 жашка чейинки эркектер арасында:

68 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Темир Бараканов (Чолпон-Ата);

2-орун: Эмиль Амангелдиев (Бишкек);

3-орун: Максат Обонов (Чолпон-Ата).

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Нурсултан Кубанычбеков (Бишкек);

2-орун: Павел Гончаров (Бишкек);

3-орун: Асылмырза Эсентуров (Бишкек);

100 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Максим Мануилов (Бишкек);

2-орун: Акынбек Таалайбеков (Бишкек);

3-орун: Байыш Тажигул уулу (Бишкек).

35 жаштан жогору эркектер арасында:

68 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Улан Кыдыров (Каракол);

2-орун: Улан Мукамбетов (Каракол).

82 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Бакыт Байгазаков (Каракол);

2-орун: Олег Ахмедов (Казакстан);

3-орун: Азат Осмонбеков (Аэропорт “Манас”).

100 килограммга чейинки салмак ченинде:

1-орун: Бакыт Абыкеев (Бишкек);

2-орун: Азамат Казакбаев (Чолпон-Ата);

3-орун: Максат Абдылдаев (Тоң).

Кыз-келиндер арасында:

52 килограммга чейинки салмак ченинде:

Каным Бургхан кызы (Бишкек).

64 килограммга чейинки салмак ченинде:

Асель Абетова (Чоң-Сары-Ой).

72 килограммга чейинки салмак ченинде:

Мээримай Нурадилова (Балыкчы).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан