Бишкектеги иш сапары учурунда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге кол салуу пландалып, ишке ашпай калганын айтып өзбекстандык эксперт Усман Хакназаров билдирүү жасады. Эксперт кол салуу планын Кыргыздын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети токтотуп калды деген пикирде.
УКМК ушул жылдын 2-сентябрында "Ислам мамлекети" террордук тобунун активдүү мүчөсүн колго түшүргөнүн эскертип өткөн Хакназаров, кармалган жаран Мирзийоевди өлтүрүүнү көздөгөн болушу мүмкүн деп эсептейт. "Кармалган жаран "Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү эмес, кадимки эле жергиликтүү мафиянын диверсанты деп жоромолдоп жатабыз. Ал жана анын тилектештери президент Шавкат Мирзийоевдин Бишкектеги сапары маалында ага кол салууну көздөгөн. Бул тууралуу Ташкенттеги жашыруун булактардан окшош 4 маалымат түшкөн жана Кыргыз тарап кабардар кылынган, - дейт Хакназаров.
Хакназаров президент Мирзийоевге кол салуу планы Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын генералдары тарабынан даярдалышы мүмкүн деген ойдо. Эксперттин билдирүүсү Өзбекстан элдик кыймылынын расмий сайтына жайгаштырылган.
УКМК "Ислам мамлекети" тобунун активдүү мүчөсү Д.С. аттуу Кыргыз жараны кармалганын, ал мамлекеттик маанидеги иш-чара өтүп жаткан маалда теракт жасоону көздөгөнүн маалымдаган эле. Анын жашаган жеринен колго жасалган жардыруучу заттын бөлүктөрү (пластид жардыргыч заты, зымдуу шнур, капсюль детонатору) табылган.
Шектүү жаран учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында.
Шавкат Мирзийоев Кыргызга 5-6-сентябрда мамлекеттик иш сапары менен келип кетти.