ЭЛДИК КАБАР: "Балдарыбызга китеп жок, түп нускасын ксерокөчүрмөдөн өткөрүп саткандардан алып берип жатабыз" дейт окурман

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынан окурман "Элдик кабарга" маалымат жөнөттү. Анда ал китеп жетишпегендиктен балдарга окуу китептеринин түп нускасын ксерокөчүрмөдөн өткөрүп саткандардан 300 сомго сатып алып жатышканын айтат.

"Менин балам №4-мектепте 3-класста окуйт. 1-класстан бери китеп жетишпейт деп мектептен беришпейт, жылда өзүм сатып берем. Быйыл дагы кайра эле ушул китеп маселесине такалып, математика китебин базар боюнча таппай коюп сураштырсак, басмаканадан басыла элек дегендер болду. Окуу жылынын башталганына 10 күндөн ашты. Министрлик китептерди жетиштүү кылып эртерээк эле басууга берип койсо болбойбу? Ал эми тиги китептердин түп нускасын басып чыгарып саткандар сапатсыз кагаздарга басып, мукабасын эптеп эле жука кагаздан даярдап коюп 300 сомдон сатышат. Китепти көчүрүп басып чыгаруу мыйзам бузуу эмеспи? Аны кийинки жылы бирөөгө сатып же жөн эле берип коюуга да жарабайт, айрылып калат. Китептерди кымбат-кымбат сатып алабыз дагы кийинки жылы бирөөгө сатып жиберели десек программа өзгөрүп кетип, алар окулбай калып жатат. Эмне, окутуу программасы да жылда эле алмаша береби?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
mem77
2017-09-12 09:02:53
Баткенде эле эмес, бул маселе Бишкекте деле бар, ар мугалим ар кайсыны айтышып, китептин автору башка болуп чыгып, сатып алган китебиң туура эмес болуп калгандар аз эмес. Мен былтыр балама сатып берген китептеримди быйыл сатып, 2-класстан жетпей калган китептерин сатып берет экенмин десем, быйыл башка китеп окушат экен. Ошентип 2-класста Көркөм өнөр, мекен таануу китептерин сатып ала элекмин...
+2
010288
2017-09-12 09:04:30
Мен дагы жылда сатып берем китептерин....болгондо да килтейген Ош шаарында да китеп жетпейт
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан