"Араван районунан Ош шаарына кире бериш жерде Ноокат деген жазуу "Наукат" деп жазылып турат. Мыйзам боюнча өлкө ичинде жер-суу аттары биринчи кыргызча жазылып анан башка тилдерде жазылышы керек беле?" - дейт окурман.
"Дегеле Ош шаарынын ичиндеги такталарга мэрия көңүл буруп койсо. "Наукат" деп орусчалабай эле кыргызча Ноокат деп жазып койсо болбойбу? Райондун аталышы чет элдиктердин тили келбегидей татаал деле сөз эмес да", - деген пикирде окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.