ЭЛДИК КАБАР: "Бакай-Ата райондук ооруканасынын башчысы "үйүӊөрдү камсыздандыргыла" деп мажбурлоону кайра баштады" дейт окурман

Талас облусунда Бакай-Ата райондук ооруканасынын башчысы "үйүӊөрдү сөзсүз камсыздандыргыла" деп кол алдында иштегендерди мажбурлаганын токтотпой жатат. Бул тууралуу 12-сентябрда WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.

"Ушул жылдын май айында мен силерге "Бакай-Ата райондук ооруканасында иштейм. Бүгүн жетекчилик ооруканада иштеген бардык кызматкерлерди чогултуп алып үйүӊөрдү кечки саат 17:00гө чейин камсыздандыруудан өткөрүп келишиӊер керек, милдеттүү түрдө деп талап коюп жөнөттү. Айылда 600 сом табуу оор эле "акча жок" дегенге да караган жок, кайдан тапсаӊар айдан тапкыла деген таризде. Бизде суроо, үйдү камсыздандыруу милдеттүү түрдөбү? Мүмкүн мен камсыздандыргым келбейт" деген кабарды жөнөткөм. Андан кийин силердин порталдан ошол бизден талап кылган врачтын жообун окудум. Ал "мажбурлабай эле сунуштоодомун" деп сыпайылап жооп берген экен. Бирок ошол силер оорукана жетекчилигине байланышып, кабар чыгарып сын жазылган соӊ бул окуя тынчып калган.

Эми 3 айдан кийин кайра жанданып баштады. Бир жума мурун эле баштаган. Бөлүм кызматкерлерин чогултуп "ушул жуманын аягына чейин төлөбөсөӊөр..." деп эле токтойт. Андан аркысын билебиз, төлөбөсөк үлгү иретинде жолун таап 1-2 кызматкерди иштен кетирет. Төлөбөсөк эмне болот деп баш көтөрүп суроодон коркобуз, эмне болорун жакшы билебиз. Биздин ар бирибизге жумуш керек. Бирок камсыздандыра албайбыз ар кандай себептер менен. Бири кайнатасынын үйүндө, биринин документтерин тууралоого бир топ акча керек, бирөөсүнө ошол эле 600 сомду табуу оор, дагы бирибизге ал камсыздандыруу керек да эмес, себеби анын пайдалуу жактарын көрбөйбүз деле... Бийликтегилерге ушул үнүбүздү жеткирип койгулачы. Же бардык ооруканаларда, мамлекеттик мекемелерде ушундай мажбурлоо болуп жатабы?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jazdyn_tany
2017-09-12 10:17:08
Камсыздандырып койгон жакшы дечи...
Мажбурлоо бардык эле мамлекеттик мекемелерде болуп жатат, Таластагы эле оорукана эмес...
-1
tatynam_88
2017-09-12 10:23:10
Неге оорукана жетекчиси кийлигишет.же ошолор чечеби маселени?неге госрегистр,айыл окмот эмес?
+3
Mers124
2017-09-12 10:28:20
Камсыздандырып койсон озуно жакшы. Кудай сактасын бир нерсе болсо мамлекетке догурунасын. Анан айына 50 сом айайсын. Единица, интернетке андан коп акчан кетет
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан