Эмгек мигранттары сыртта жүрүп өлкөгө которгон акчасынын суммасы 2017-жылдын 7 айында 1 миллиард 319,2 миллион долларды түздү. Мындай маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирди.
Өткөн 2016-жылдын январь айынан баштап июнь айына чейин мигранттар которгон каражат 1 миллиард 35,6 миллион долларды түзгөн. Быйылкы которулган акча каражаттары былтыркы жылга салыштырмалуу 300 миллионго өскөн десек болот.
Ошондой эле маалыматта Орусиядагы мигранттар 1 миллиард 295 миллион доллар, жакынкы Казакстандагылар 2,4 миллион доллар которгондугу айтылат. Жалпы сумманын калган бөлүгүн алыскы чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер которушкан.
Белгилей кетсек, такталбаган маалыматтарда сыртта иштеп жүргөн мигранттардын саны 1-1,5 миллионду түзөт. Анын ичинен Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз мигранттардын расмий саны учурда 600 миңдей. Ал эми расмий эмес сан мындан да көп. Мигранттар өлкөгө которгон акча каражаттарынын ролу абдан маанилүү. Анткени мамлекеттин ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн мына ушул чет өлкөдөн мигранттар которгон каражат түзөт.