20-сентябрдан кийин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу атайын кеңешмеде Гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев ӨКМ министрлигине берген маалыматында билдирди.
Зарылбек Итибаев "сентябрь айынын экинчи он күндүгү туруктуу болот жана ошол эле учурда байма-бай кыска мөөнөткө жамгыр жаайт. Айдын үчүнчү он күндүгүндө, тактап айтканда, 20-сентябрдан кийин туруксуз аба ырайы башталышы ыктымал. Бул учурда өзгөчө тоолуу аймактарда катуу жамгыр жаашы күтүлөт, кээ бир жерлерде катуу жаан-чачын жаашы орун алат. Мунун негизинде сел жүрүү коркунучтары жаралат", - деди.
Бүгүн, 12-сентябрда өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, катуу шамал болушу күтүлүүдө. Дарыяларда суунун көлөмү туруктуу болот. Ошондой эле ӨКМ өлкө аймагындагы ачык талааларда өрт кырсыгы көп жаралышы ыктымал экенин кабарлайт. Себеби учурда ачык аянттарда чөптөр куурап, кургап, шамалдын жүрүшү келип чыккан өрттүн бат тутанып жайылышына себепчи болот.