Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарынын "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс от газ чыгуу коркунучунан улам өчүрүлдү. Бул тууралуу Свердлов районунун башчысынын орун басары Рустам Касымбеков билдирди.
Анын айтымында, Өчпөс от 11-сентябрда кечки саат 8дер чамасында өчүрүлгөн. "Тийиштүү кызматтар менен жер алдындагы газ түтүктөрүн текшерүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Андан кийин оңдоо иштери башталат. Толук оңдолгондон кийин күйгүзүлөт", - деди Касымбеков.