"Таза шайлоосуз таза коом жок" кыймылынын меморандуму бекитилди

Бишкекте 12-сентябрда "Таза шайлоосуз таза коом жок" аттуу кыймылдын бет ачары өттү.

Коомдук жана саясий ишмерлер 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоонун тегерегинде пикир алышты. Шайлоону таза өткөрүү, добуштарды уурдатпоо жана башка жагдайлар боюнча ой, сунуштарын айтышты.

Иш-чара жыйынтыгында меморандум бекитилди. Документте шайлоону таза жана демократиялык маанайда өткөрүүгө, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү наркын бекемдөөгө кыймыл даяр экени айтылат. Ошондой эле талапкерлерге үгүт кампаниясы учурунда мыйзамды бузбоо, элдин биримдигин сактоо чакырыктары жасалды. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясына бардык талапкерлерге бирдей, калыс мамиле жасоо талаптары коюлду. Элге жана ММКларга шайлоодогу жоопкерчилиги эскертилди документте.

Маалыматка таянсак, кыймыл убактылуу мөөнөткө түзүлдү, эч кандай юридикалык күчкө ээ эмес. Кыймылдын мындан аркы иштерин уюштуруу, анын ишмердүүлүгү боюнча коомчулукка маалымат жеткирүү милдетин депутат Жанар Акаев өз моюнуна алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан