Бүгүн, 12-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Англия Премьер Лигасынын мурдагы оюнчулары Мики Адамс жана Алан Роджерс 13 жашка чейинки футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчуларын машыктырды.
Футбол федерациясынын айтымы боюнча аталган иш-чара Кыргыз өлкөсү менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелерди бекемдөөгө жана Англия Премьер Лигасынын 25 жылдыгына карата уюштурулган. "Белгилүү датага байланыштуу футбол федерациясы АПЛден машыктыруучуларды чакырган. Иш-чаранын негизги максаты - бул машыктыруучулар ортосундагы тажрыйба менен бөлүшүү болуп эсептелет", - деп билдирет федерациядан.
"Футболчулар жаштар арасындагы өлкө чемпиондугунун негизинде тандалган. Машыгууга катышып жаткан жаш спортчулар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан тандалган. Көбүнчө футболчулар Нарын, Ош жана Талас облустарынан келген", - деп билдирди футбол федерациясынан.
Маалымат үчүн: Мики Адамс - англиялык футболчу жана машыктыруучу. Коргоо бөлүгүндө ойноп, 19 жылдык карьерасында 438 оюнга катышкан. Машыктыруучу катары "Фулхем" командасында баштаган. Ал белгилүү "Сток Сити", "Саутгемптон", "Фулхэм" жана "Суонси Сити" командаларында ойноп, "Лестер", "Фулхэм" жана "Брентфорд" командаларын машыктырган.