Бүгүн, 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 1-тур оюндары ойнолот. Бул күнү 4 тайпадагы командалар өз ара беттешип, алгачкы 3 упайды алуу аракетин көрүшмөкчү.
Күндүн башкы беттеши катары "Барселона" - "Ювентус" жана “Рома” - “Атлетико Мадрид” клубдарынын ортосундагы оюндарды саноого болот. Бардык беттештерге Бишкек сааты боюнча 00:45те орун берилет.
"А" тайпасы