Белгилүү футболчу, "Барселона" футболдук клубунун жылдызы Лионель Месси Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын башталар алдында аталган лиганын гимнин пианинодо ойноду. Анын пианинодо ойноп отурган видеосу социалдык баракчалардын бирине жайгаштырылгандан кийин 20 сааттын ичинде көрүүчүлөрдүн жана бөлүшкөндөрдүн саны 10 миңдеп өскөн.
Айта кетсек, дүйнөдөгү мыкты футболчулардын бири Лионель Месси 13-сентябрда Чемпиондор Лигасынын 1-турунун алкагында италиялык "Ювентус" командасы менен күч сынашат. "Лионель Месси маанайы жакшы экенин жана беттешке даяр экенин көрсөтүп, футбол талаасында гана эмес пианинодо да мыкты экенин далилдеди" деп жазат бул тууралуу чет элдик басылмалар.