Ысык-Көлдө 6-12-сентябрь аралыгында өткөн XVII эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында дартс жана стритбол боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, дартс боюнча беттеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага Орусия жана Кыргыз өлкөсүнөн 31 спортчу катышкан. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөн.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:
Өздүк эсепте:
Кыз-келиндер арасында:
1-орун: Оксана Андрончик (Орусия)
2-орун: Эльвира Мирбек кызы (Бишкек)
3-орун: Алина Муканова (Бишкек)
Эркектер арасында:
1-орун: Александр Михайлов (Орусия)
2-орун: Бекболсун Токтосун уулу (Бишкек)
3-орун: Нурсултан Надырбек уулу (Бишкек)
Жалпы командалык эсепте:
1-орун: “Атомспорт” командасы (Орусия)3-орун: "Ленин району" командасы (Бишкек).
Ал эми стритбол боюнча мелдештерге Орусия, Кытай жана Кыргыз өлкөсүнөн 18 курама команда катышкан. Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында өткөн.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:
Эркектер арасында:
1-орун: Кытай курама командасы
2-орун: СДЮШОР СИ-1 (Бишкек)
3-орун: “Барстар” командасы (Бишкек)
Кыз-келиндер арасында:
1-орун: "Атомспорт” курама командасы (Орусия)
2-орун: "СДЮШОР СИ-1" (Бишкек)
3-орун: “СВ-17” командасы (Бишкек).