Орусиянын Москва шаарында 18-22-сентябрь аралыгында өтө турган "Moscow Games 2017" эл аралык фестивалынын алкагында кумда ойнолуучу волейбол боюнча мелдешке Кыргыз спортчулары катыша турган болушту. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн волейбол федерациясынан билдирет.
Маалыматка ылайык, аталган фестивалда волейбол, баскетбол, футбол, стол үстүндөгү теннис, черлидинг, регби-7, хоккей жана кум үстүндө ойнолуучу волейбол боюнча мелдештер өтөт. Анда кум үстүндө ойнолуучу волейбол боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн курамына спортчулар Темир Муса уулу жана Медет Эргеш уулу кирген "Улар" командасы катышат.
Эскерте кетсек, 2015-жылы аталган фестивалда "Салам-Алик" командасы катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз командасы 5-орунду ээлеген.