Мухаммедкалый Абылгазиев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.
Айта кетсек, 26-августта Абылгазиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалган. Андан мурда биринчи вице-премьер-министр, премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.