Бүгүн, 12-сентябрда Ош облусунда "Түштүк Экспо-2017" эл аралык көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, көргөзмөнүн ачылышына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев, Өзбекстан, Кытай, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан, Иран, Пакистан жана башка өлкөлөрдөн келген ишкерлер катышкан. Жарманкеге азык-түлүктөр, тамак-аш, техника, кийим-кече, идиш, зер буюмдар жана башка товарлар коюлган. Иш-чара 14-сентябрга чейин уланат.