Эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары": Кум үстүндө ойнолуучу футбол боюнча мелдеште "Ысык-Көл" менен "Боз Бешик" командалары жеңди

Ысык-Көлдө өткөн XVII эл аралык "Ысык-Көл спорт оюндары" мелдешинин алкагында кум үстүндө ойнолуучу футбол боюнча мелдеште "Ысык-Көл" жана "Боз Бешик" командалары алтын медалдарга ээ болушту.

Аталган мелдеш Чолпон-Ата шаарында өтүп, ага 14 курама команда катышкан. Мелдеш эркектер арасында 2 жаш категорияда өткөрүлдү. Анда 35 жашка чейинки категорияда "Боз Бешик" командасы жеңсе, 35 жаштан жогору категориясында "Ысык-Көл" командасы жеңип алды.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү жеңүүчүлөр аныкталган:

35 жашка чейинки категорияда:

1-орун: "Боз Бешик" командасы

2-орун: "Түп" командасы (Ысык-Көл)

3-орун: "Чолпон-Ата" командасы.

35 жаштан жогору категориясында:

1-орун: “Ысык-Көл” командасы (Ысык-Көл)

2-орун: “Ардагер” командасы (Жети-Өгүз)

3-орун: "Динамо МВД” (Бишкек).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан