Жолборсторду коргоо үчүн модель Лондонду жылаңач кыдырды

Америкалык модель, актриса жана жаныбарларды коргоо боюнча активист Жоанна Крупа жолборсторду коргоо үчүн жылаңачтанды. Чет элдик басылмалар кабарлагандай, мындай өзгөчө акцияны РЕТА экологиялык компаниясы жана анын активдүү мүчөсү Жоанна Крупа Британиянын парламентинин алдында өткөрүшкөн.

Акцияда 38 жаштагы моделде болгону шиш такалуу бут кийим жана ич кийими болгон. Жоаннанын моюнунан баштап бутуна чейин жолборстун элесин берген сүрөт тартылган. Мындай кадамы менен модель коомчулуктун көңүлүн циркте кордукка кабылган жолборсторго бургусу келген.

Модель Лондондун борборунда "Жапайы жаныбарларды циркте пайдаланууга тыюу салгыла!" деген жазууну кармап алып, миңдеген адамдардын алдында баскан.

Өз сөзүндө Жоанна Англияда азыркы учурга чейин цирк өнүгүп, жаныбарларды кыйноо уланып жатканын билдирген: "Мен Британияны жапайы жаныбарларды коргогондугу үчүн сыйлап келгем. Бирок азыркы учурда ал жакта жапайы жаныбарлар циркте кыйноолорго кабылып жатканын угуп таң калдым. Бир дагы жаныбарды адамдардын көңүлүн ачуу үчүн кайсы бир трюктарды аткарууга мажбурлоого эч кимдин акысы жок. Британ бийлиги бул көрүнүшкө чекит коюшу керек", - деп билдирген.

Жоанна беш жашынан баштап Лос-Анжелесте жашайт. Ал 15 жашынан тартып моделдик карьерасын баштаган. "Playboy", "FHM", "Maxim" жана башка белгилүү журналдар үчүн сүрөткө тартылган. "Maxim" журналынын окурмандарынын ою боюнча дүйнө жүзүндөгү эң сулуу 100 айымдын катарына кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Isco23
2017-09-13 08:53:33
Ааай атанын кору европалыктарды тушунууго болбойт.
+1
Isco23
2017-09-13 08:54:16
Арстандын маскаларын эле кийип алса не болот саландатпай
+1
Bars88
2017-09-13 09:02:02
Буга окшогондор жаныбарды коргомок беле озун реклама кылып журотда жыланач денеми элдер корсун деп
+9
salimbek87.kg
2017-09-13 09:15:33
Биринчи өзүн өзү коргоп албаптырда.
+10
Snejana
2017-09-13 11:24:29
Чындыгында сулуу экен
+2
yrchy_jigit
2017-09-13 12:02:20
Фигура соонун болсо журо берсин жыланач эле.)))
+3
Kanybek121195
2017-09-13 12:15:20
Ох ох ох бир тунго мени да коргоп койсон жакшы болмок
+2
tular
2017-09-13 17:01:53
Европа... Мына сага демократия эмне кылбайт. Демократия- деген соз баш аламандыкты билдирет.
+1
aminali
2017-09-13 18:22:36
Куник болсо кыдырмак эмес,мактанып да алды шылтоо мн))))!
0
Ayida
2017-09-13 22:19:40
Жолборсту коргоо учун абийирин ачып Лондонду кыдырса?Мьянма да карапайым адамдар олуп атса эч ким чыкпадыго коргогону?Доодурлор жолборс учун жыланач болду,акылы барлар Мянмадагыларга жардам берсе болмок эртереек
0
Ayida
2017-09-13 22:21:21
Ушунун неси сулуу?Мусулман болуп туруп жыланач аялды сулуу дейсинер уялбайсынарбы?Этек башын жаап хиджаб кийип журсо жаман коросунор???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан