Баткен шаарында арыктагы суу өтүүчү түтүккө кыпчылып калган баланын жакындары табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ саат 14:30 чамасында 2-2,5 жаштагы эркек бала Баткен шаарынын Разаков көчөсүндөгү арыктагы суу өтүүчү түтүккө кыпчылып калган абалда табылган.
Баланы таап алгандардын бири, аймактык тескөөчү Уланбек Жумабаевдин айтымында, бала чоң апасынын колунда болгон.
"Кечээ кечинде баланын чоң апасы табылып, өткөрүлүп берилди. Ал арыктагы түтүккө кыпчылык калыптыр. Ата-энеси Орусияда экен. Чоң апасынын колунда болгон. Ал тамак жасап, алаксып калган учурда үйүнөн 4-5 чакырым алыстыкка кетип калган", - деди Жумабаев.