Жайыл районунда эликтин чаарчыгын үйүндө мыйзамсыз кармап жүргөн тургун кармалды

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Моңолдор айылында эликтин чаарчыгын үйүндө мыйзамсыз багып жүргөн тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Моңолдор айылынын Р.Абдракманова аттуу жашоочусу чаарчыкты үйүндө багып жүргөнү аныкталды. Жеринде тийиштүү кагаздар толтурулуп, чаарчык ветеринардык инспекциянын, ошондой эле Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын кароосуна өткөрүлүп берилди. Учурда чара көрүү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2017-09-13 09:35:59
Ошол чаарчык бир чондун курсагына кирип кетпесе болгону. Койо беришсе экен
+3
jbolotov
2017-09-13 16:09:54
Чаарчыкты кармаса эмне болмок эле? Мындай жаныбарларды коргойм дегендер айыл айылга барып сураштырсын мергенчи деген жырткычар Элик Кийик дегендерди кырып атышатко.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан