Бишкекте түн ичинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип, 20 жаштагы Дильфуза Туратбек кызы изделүүдө. Атасы Туратбек Аманбаевдин айтымында, кызы Дильфуза 11-сентябрдан 12-сентябрга караган түнү саат 03:15 чамасында эч кимге айтпай үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Азыркы тапта Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазылып, издөө иштери уланууда.
Айта кетсек, Дильфуза Туратбек кызы эл аралык "Ала-Тоо" университетинде 2-курста окучу. Акыркы эки күн сабактарга барган эмес. Ошол түнү кызыл кофта, кара пиджак, кара шым кийип жүргөн. Жанында фотоаппараты да болгон.
Эгер аны көрүп-билгендер болсо, 0 (559) 22-25-55, 0 (550) 87-96-81, 0 (552) 30-10-44 номурларына же 102ге чалып, кабарлап койсоңуздар.