Чемпиондор Лигасы: "Барселона" "Ювентусту" жеңип алгачкы 3 упайын алды

Кечээ, 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү Европадагы эң ири футболдук лига - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында 1-турдук оюндар өттү. Анда "D" тайпасында испаниялык "Барселона" италиялык "Ювентуска" кез келген. Кызуу беттештин жыйынтыгында "Барселона" командасы 3:0 эсеби менен жеңишке жетип алгачкы 3 упайын алды.

"Камп Ноу" стадионунда орун алган беттеш үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн баштап "Барселона" командасы дароо басым жасаганга аракет кылды. Бирок "Ювентус" өзүн жөнөкөй команда эмес экенин көрсөтүп, контрчабуулдарды уюштуруп жатты. "Ювентус" футболчулары бир нече чабуул жасап эсепти ачканга аракет кылган, бирок "Барселонанын" дарбазачысы Тер Штеген таамай соккуларды тосуп эсеп ачылганга жол берген жок.

Беттеш кызуу уланып, күйөрмандар өз командаларын колдоп жатышты. Эсеп саны 1-таймдын аягында гана ачылды. 44-мүнөттө Месси менен Суарес коргоочуларды алдап өтүп, Месси алыскы бурчка таамай сокку узатып эсепти 1:0 кылды. Футболчулар тыныгууга кетип, 2-таймда кайрадан кызыктуу беттеш уланды. 56-мүнөттө Месси баштаган чабуулду Иван Ракитич жыйынтыктап эсепти 2:0 кылды.

Муну менен "Барселона" токтобой, Чемпиондор Лигасынын чейрек финалында жеңилип калганы үчүн "Ювентустан" өч алды. 68-мүнөттө Месси коргоочуларды алдып өтүп, Буффонго тосконго мүмкүнчүлүк бербей, таамай соккусу менен эсепти 3:0 кылды.

Бул жеңиши менен "Барселона" алгачкы 3 упайын жеңип алды.

Барселона - Ювентус 3:0

Голдор: Месси - 44-мүнөттө жана 68-мүнөттө, Ракитич - 56-мүнөттө.

Барселона-Ювентус 3:0 (12.09.17)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kilim
2017-09-13 10:24:11
Молодец Месси катуу ойноду
+2
FCBMESSI
2017-09-13 10:38:04
Жыртып алдыго Ювентусту молодец Месси
+2
Isco23
2017-09-13 10:53:19
FCBMESSI,аххахах полуфиналдагыны эстебейсинерби)) омурундо 1чи жолу буффонишеге гол сайды
-2
nemo2016
2017-09-13 12:16:19
Isco23,откон иш отту азыркы кунду кара
+3
Isco23
2017-09-13 13:29:42
nemo2016,ахаха сен дагы Католиксинби))
Суперкубок испанииде ХХХХ алды го чиркин Хала Мадрид
-1
Tima0304
2017-09-13 11:14:14
мессииии жыртыптыр го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан