Белгисиз аял "Ош базардан" кийим сатып берем деп сиңдимди уурдап кеткен. Бир тууганым ушул күнгө чейин дайынсыз болууда. Мындай маалыматты бүгүн, 13-сентябрда SUPER.KG порталына жоголгон кыздын бир тууган эжеси Чолпонай Орунбаева билдирди.
"Сиңдим Бишкектин "Дордой" базарында коробка терип акча тапчу. 2009-жылы иним менен сиңдиме белгисиз аял "Ош базардан" кийим сатып берем деп такси менен алып кетиптир. Ал жерден иниме кийим алып берип, эми "эжеңе кийим алып берем сен бара бер" деп аны такси менен кайра салып жибериптир. Ошол боюнча бир тууганым Айсулуу Орунбаева дайынсыз болуп кетти. Милицияга кайрылдык. Алар сүрөттөрүн ар кайсы жерге жармаштырып издешти. Бирок табылган жок. Андан бери 8 жыл өттү. Сиңдим акыл-эсине келип чоңойду. Мүмкүн издеп жатканымды билсе кайрылабы деген ой менен социалдык тармактар аркылуу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып жатабыз", - деп билдирди Чолпонай Орунбаева.
Дайынсыз жоголгон 1997-жылы туулган Айсулуу Орунбаева жана анын эжеси Чолпонай Орунбаева Токтогул районунун жашоочулары. Бир туугандардын ата-энеси каза болгон. Учурда "Дордой" базарына жакын жердеги батирлердин биринде жашайт.