Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын соту саат 14:00гө жылдырылды. Буга анын жактоочусу Чынара Жакупбекованын отурумга келбей калышы себеп болду. Жактоочу бүгүн башка соттук отурумга барары белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.