Кытай бензин-дизель майы менен жүрүүчү автоунааларды колдонууга тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу "Синьхуа" агенттиги жазды.
Ушул жылдын 10-сентябрында Кытайдын өндүрүш жана маалыматтык технологиялар министринин орун басары Синь Гуобинь өлкөдө күйүүчү май менен жүргөн автоунаалардан баш тартуу планын ачыктады. Себеп - экологияны коргоо. Белгилүү болгондой, Кытайдын ири шаарларында абанын булганышы башкы көйгөйлөрдүн бири. Кытай электр менен жүрүүчү автоунаага өтүүнү пландоодо.
"Айрым мамлекеттер бензин жана дизель менен жүрүүчү автоунааларды чыгаруу жана сатууну токтотуу мөөнөтүн коюшту. Биздин министрлик дагы тийиштүү изилдөөлөрдү баштады, биз дагы бир убакытты белгилейбиз. Мындай чара автоунаа өндүрүшүбүздү өнүктүрүүгө кескин таасир этет", - деди чиновник.
Расмий маалыматтарга ылайык, Кытай бүгүнкү күндө автоунаа өндүрүшү боюнча дүйнөдө 1-орунда турат. 2016-жылы дүйнөдө 94 миллион автотранспорт чыгарылса, мунун 28 миллионун же дээрлик 30 пайызын Кытай чыгарган. Франция, Германия, Улуу Британия, Испания өӊдүү мамлекеттер 2030-2040-жылдары бензин менен жүрүүчү автоунааларга тыюу салууну көздөөдө. Булардын катарында Индия дагы бар.