30-майдан 4-июнга чейин Кореянын Сеул шаарында өтө турган самбо боюнча "Азия чемпиондугу-2014" мелдешине “SUPER.KG” футбол командасынын оюнчусу Элиза Абдыкадырова катышат. Мелдешке Кыргызстандын атынан 10дой мекендешибиз чыгып, алдынкы орундар үчүн күч сынашмакчы. Ал эми Элизанын жетишкендиктери тууралуу айтсак, ал 2011-жылы Өзбекстанда өткөн самбо боюнча Азия чемпиондугунда 2-орунду, 2012-жылы ушул эле өлкөдө өткөн Азия чемпиондугунда 3-орунду ээлеген. Мындан сырткары 2012-жылы Татарстандын Казань шаарында өткөн самбо боюнча Дүйнө Кубогуна катышып, 5-орунга татыктуу болгон. Айта кетсек, балбан кыз өзүнүн спортко болгон жөндөмдүүлүгүн бир гана самбодо эмес, 17-18-19-май күндөрү Бишкекте өткөн “Суперфутбол-2013” мелдешинде да көрсөтө алды. Бул мелдеште “SUPER.KG” командасы 3-орунду ээлеп, козу утуп алды.