Жабык имараттагы Азия оюндары: Күрөш боюнча Кыргыз курамасы аныкталды. Арасында Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Муслим Евлаев бар

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 2017-жылы 17-27-сентябрь аралыгында өтө турган спорттук уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарына катыша турган күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргыз курамасы аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке спорттун 17 түрүнөн жалпы эсепте 153 Кыргыз спортчусу катышат. Анын ичинен 19 спортчу күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болот деген үмүт бар.

Маалымдай кетсек, жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери уюштурулуп келет. 2009-жылдан баштап уруш түрлөрү боюнча Азия оюндары кошулган. 2013-жылы Кореяда өткөн Азия оюндарында Кыргыз спортчулары 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алып, медалдык эсепте 29 команданын арасынан 15-орунга жазылган.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз курамасы:

59 килограммга чейинки салмак ченинде: Калы Сулайманов;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурбек Абдуганиев;

71 килограммга чейинки салмак ченинде: Руслан Царев;

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Кайратбек Түгөлбаев;

80 килограммга чейинки салмак ченинде: Атабек Азисбеков;

85 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Бейшебеков;

98 килограммга чейинки салмак ченинде: Үзүр Жусупбеков;

130 килограммга чейинки салмак ченинде: Мурат Рамонов.

Ага машыктыруучу: Азат Эркинбаев;

Башкы машыктыруучу: Канатбек Бегалиев.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курамасы:

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Жолдошбеков;

61 килограммга чейинки салмак ченинде: Алибек Осмонов;

65 килограммга чейинки салмак ченинде: Тилек Шаршеев;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Эламан Догдурбек уулу;

74 килограммга чейинки салмак ченинде: Муслим Евлаев;

86 килограммга чейинки салмак ченинде: Бактияр Карагул уулу.

Ага машыктыруучу: Сүймөнкул Таабалды уулу;

Башкы машыктыруучу: Русланбек Маджинов.

Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Кыргыз курамасы:

48 килограммга чейинки салмак ченинде: Саяна Байызова;

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Назира Марсбек кызы;

58 килограммга чейинки салмак ченинде: Айсулуу Тыныбекова;

69 килограммга чейинки салмак ченинде: Мээрим Жуманазарова;

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Айпери Медет кызы;

Башкы машыктыруучу: Нурбек Изабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ali-han
2017-09-13 12:10:30
Алтын кутобуз силерден
0
malik.kadyr
2017-09-13 12:24:06
Ийгилик..!
0
Farhad.baku
2017-09-14 02:11:09
Акжол жокго жакшы курошот эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан