Бишкекте түн ичинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип, изделип жаткан кыз табылды

Бишкекте түн ичинде үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз делип, изделип жаткан 20 жаштагы Дильфуза Туратбек кызы табылды. Бул тууралуу кыздын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти.

"Дильфуза бүгүн эртең менен Бишкектеги ооруканалардын биринен табылды. Азыркы учурда анын абалы жакшы. Эмне себептен ооруканага барып калганы жана үйдөн чыгып кеткени такталууда", - деп билдиришти жакындары.

Айта кетсек, Дильфуза Туратбек кызы 11-сентябрдан 12-сентябрга караган түнү саат 03:15 чамасында эч кимге айтпай үйдөн белгисиз тарапка чыгып кеткен. Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазылып, изделип жаткан.

Дильфуза Туратбек кызы эл аралык "Ала-Тоо" университетинде 2-курста окуйт.

Бишкекте 20 жаштагы студент кыз изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
emmasha
2017-09-13 12:58:01
Акыл эси жайында болсо анда жигитине чыккан болуш керек. Ооруканага барыш учун туну учто кетпесе керек.
+1
Paprikafm
2017-09-13 13:52:08
Урматтуу супер инфо жоголгон Бекзаттан дайын барбы ата энесинен кабар алыныздарчы
+1
TazaKyrgyz
2017-09-13 13:57:35
Paprikafm,ооба аябай ошону кутуп атабыз табылды бекен деп
0
admin_superstan
2017-09-13 14:27:00
Paprikafm, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
amantur.kgg
2017-09-13 16:39:49
Табылганы жакшы болуптур
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан