Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 2017-жылы 17-27-сентябрь аралыгында өтө турган уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарына катыша турган Кыргыз өлкөсүнүн самбонун түрлөрү боюнча курамасы аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке спорттун 17 түрүнөн жалпы эсепте 153 Кыргыз спортчу катышат. Анын ичинен 26 спортчу самбонун түрлөрү боюнча мелдештерге катышып, медаль жеңгенге аракет көрүшөт.
Маалымдай кетсек, жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери уюштурулуп келет. 2009-жылдан баштап уруш түрлөрү боюнча Азия оюндары кошулган. 2013-жылы Кореяда өткөн Азия оюндарында Кыргыз спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алып, медалдык эсепте 29 команданын арасынан 15-орунга татыган.
Спорттук самбо боюнча Кыргыз курама командасы:
52 килограммга чейинки салмак ченинде: Тилек Аманкулов;
57 килограммга чейинки салмак ченинде: Белек Бараканов, Дөөлөт Садыркулов;
62 килограммга чейинки салмак ченинде: Арсен Камчибеков;
68 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Те, Элдос Масиев;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Урмат Мамбетжан уулу;
82 килограммга чейинки салмак ченинде: Жамалбек Асылбек уулу;
90 килограммга чейинки салмак ченинде: Павел Гончаров, Турарбек Жолдошказиев.
Мушташ түрүндөгү самбо боюнча Кыргыз курама командасы:
52 килограммга чейинки салмак ченинде: Мухаметали Эргешев;
57 килограммга чейинки салмак ченинде: Илимбек Жаныбеков;
62 килограммга чейинки салмак ченинде: Орозбек Автандил уулу, Жоодарбек Сатикеев;
68 килограммга чейинки салмак ченинде: Алайбек Үмөтов;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Салмоорбек Маматэмин уулу, Бекназар Раимкул уулу;
82 килограммга чейинки салмак ченинде: Эдилбек Шакирмаматов;
90 килограммга чейинки салмак ченинде: Жаныбек Аматов, Мелис Жолдошев;
100 килограммга чейинки салмак ченинде: Улукбек Мамытов, Данияр Алымжанов;
100 килограммдан жогору салмак ченинде: Максат Мусабаев.
Кыз-келиндер арасындагы самбо боюнча Кыргыз курамасы:
48 килограммга чейинки салмак ченинде: Нуржанат Бекматова, Айкөл Абдылдабек кызы;
52 килограммга чейинки салмак ченинде: Динура Сулайманова;
Андрей Тупик - самбо боюнча машыктыруучу;
Артур Сон - самбо боюнча башкы машыктыруучу.