Жогорку Кеңеште Улуттук банктын төрагасын шайлоо эртеңкиге калды

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасын шайлоону эртеңкиге жылдыруу чечими кабыл алынды. Бул маселени эртең кароо боюнча добушка коюлуп, 78 депутат "макул" деп добуш берди.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен Улуттук банктын төрагасы кызматына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат. Кечээ, 12-сентябрда Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралып, Кулматовдун талапкерлиги жактырылган. Буга чейин аталган кызматты Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Ал биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу кызматтан кеткен. Ал эми Кубанычбек Кулматов Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tolkun555
2017-09-13 13:00:23
Жыргайт экенсиңер да кезек менен барып баарын жеп.көзгө көрүнгөн кылган ишиңер жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан