Тилди үйрөтүүнүн методикасы учурдун талабына жооп бербей жатат. Мындай оюн бүгүн, 13-сентябрда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков билдирди.
“Кыргыз тили кыргыз элинин эне тили гана эмес, кыргыз элинин ар-намысы. Эне тилибизди өркүндөтүү максатында мамлекет тарабынан каражат бөлүнүп, шарттар түзүлүп жатат. Кыргыз тилин үйрөтүү жагында чабалдык болууда. Тилди үйрөтүүнүн методикасы дагы учурдун талабына жооп бербей келет”, - деди ал.
Мындан тышкары Чыныбай Турсунбеков кыргыз тилин натыйжалуу үйрөтүү боюнча балдар үчүн кыргыз тилиндеги мульт-тасмаларды көбөйтүү дагы алгылыктуу жолдордун бири экенин айтты.