Өлкөдөгү айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Кара-Балта шаарында 10-11 жаштагы эки өспүрүмдүн 8 жаштагы балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасашканын жабырлануучу баланын туугандарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Туугандарынын айтымында, окуя быйыл жай айларында кароосуз калган жерде болгон. Анда эки өспүрүм 8 жаштагы бала менен "ата-апа" оюнун ойноп, ага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылышкан. Аны апасы билип калып окуянын бети ачылган.
Бул тууралуу Чүй ОИИББине кайрылганыбызда, топтолгон материалдар Кара-Балта шаарындагы Балдар иштери боюнча комиссияга өткөрүлүп берилгенин билдиришти.
"Алдын ала кароо жүргүзгөн учурда балада эч кандай зордук-зомбулуктун издери байкалган эмес. Алар кошуна жашагандыктан кароосуз калган жерде "ата жана апа" деген оюнду ойноп жатышкан. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.