Орусиянын Москва шаарында аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип жаткан адам Тажикстандын жараны. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
"Элчиликтин кызматкерлери жергиликтүү укук коргоо органдары жана каза болгон адамдын жакындары менен байланышып, анын жана күйөөсүнүн Тажикстандын жарандары экенин такташты. Алар Москвага акыркы жолу Кыргыз өлкөсү аркылуу барышкан", - деп билдиришти элчиликтен.
Буга чейин орусиялык "360" телеканалы Москва шаарындагы Краснодар көчөсүнөн кыргыз келиндин бычакталып өлтүрүлгөн жансыз денеси табылганын билдирген.
Маалыматка караганда, шектүү көчөдө бара жатып 23 жаштагы келинчегине кеминде 10 ирет бычак сайып жиберген. Окуя аталган көчөдөгү видеобайкоого түшүп калган. Видеобайкоодон шектүү аялына бир нече ирет бычак сайып, андан ары качып кеткенин көрүүгө болот.
Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталганы кабарланды. Алдын ала иликтөөгө караганда шектүүнүн келинчегин өлтүрүшүнө кызганыч себеп болушу мүмкүн.