ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Суунун Савай айылындагы көпүрөнүн жарымы түшкөн боюнча каралбай турат" дейт окурман

"Кара-Суу районуна караштуу Савай айыл өкмөтүнүн Таширов айылындагы жалгыз көпүрөнүн үстү түшүп кеткен, качан оңдолору белгисиз?" - дейт окурман.

"Көпүрө мурунку Ош-Жалал-Абад унаа жолу, азыркы Кара-Суу-Ынтымак жолуна курулган. Анын жарымы түшүп калгандыктан унаалар бир тарабынан араң өтүшөт. Унаалар үчүн кооптуу абал жаралууда. Бирөө өтүп баратканда экинчи тарабы түшүп кетсе эмне болот?" - деп кабарлады окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ANTIKALP1
2017-09-13 19:04:20
Бул копурого коп болду мындай акыбалга келгенине орозо баштала электен мурун казылган.Буга чейин эки машине тушуп кетти ошондо да конул бурган адам болгон жок.Бироо жарым каза болсо анан ондогону киришсе керек.Супер озунуздор барып репортаж кылсаныздар жакшы болмок.ХХХХ
0
admin_superstan
2017-09-14 11:30:49
ANTIKALP1, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан