Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Анда прокурор Нурлан Тагаев бүгүн шаардык сотто "Элдик парламенттин" өкүлдөрүнүн соту башка күнгө калтырылгандыктан жактоочу Чынара Жакупбекова ал жакка барбаганын айтып, Ленин райондук сотундагы Салянованын соту үзгүлтүккө учураганын эскертти.
Жактоочу Жакупбекова прокурордун айыптоолоруна негиздеме берип, анын кайда, кайсы отурумдарга катышып жүргөнүнө кызыкдар болуу аша чапкандык деп айтты. Жактоочу Жакупбекова мамлекеттик айыптоочунун бул пикирин жактоочунун кайда жүргөнүн териштирүү катары сыпаттап, прокурорлук кылуучу Тагаевден баш тартуу өтүнүчүн келтирди.
Сот тараптардын пикирин угуп чыгып, кеңешме бөлмөсүнө барып келген соң жактоочунун өтүнүчүн четке какты.