14-сентябрдан баштап футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2018 оюндарына билеттер сатыла баштайт

2018-жылы Орусияда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна 14-сентябрдан баштап билеттер сатыкка чыгат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар маалымдайт.

Маалыматка ылайык, бул күндөн тартып сатуулардын биринчи этабы башталат. Каалоочулар билет сатып алганга буйрутма билдирүүлөрдү таштаса болот. Буйрутмалар 2017-жылдын 12-октябрына чейин кабыл алынат, андан соң билеттер ээлерине тапшырылат. 1-этаптын аягында (16-28-ноябрь) билеттер ФИФАнын сайтында кезекке туруу ыкмасы менен сатыла баштайт.

Тайпалык баскычта өтө турган оюндарга эң арзан билеттер жергиликтүү тургундар үчүн 1280 рублду (1540 сом) түзөт, ал эми чет өлкөлүктөр эң арзан дегенде 105 доллар (7200 сом) төлөшөт.

Тайпалык баскычтагы өтө турган оюндарга эң кымбат билеттер 12,6 миң рублду (15,2 миң сом) түзөт. Ал эми мелдештин ачылыш аземиндеги оюндун эң кымбат билетинин баасы 33 миң рублду (39,6 миң сом) түзөт.

Кошумчалай кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу-2018 беттеши 14-июндан баштап 15-июлга чейин уланат. Оюндар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Екатеринбург, Саранск, Самара, Сочи, Ростов-на-Дону, Калининград, Нижний Новгород жана Волгоград шаарларында орун алат.

Учурда Орусияда өтө турган Дүйнө чемпиондугуна Бразилия, Иран, Япония, Мексика, Бельгия, Түштүк Корея жана Сауд Арабия өлкөлөрү жолдомо алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
marselkalmurzaevkg
2017-09-13 16:31:10
Финалга 66000рублдан 2 ну заказ берип койот окшойм сразуу эле
0
Hadyja
2017-09-13 17:47:49
Екатеринбургтан келбей турганда бир билет алып,атамды чакырып койойун дедим эле.Жашоо шартка байланыштуу мекенибизге келдик.Стадион жакшы салынып аткан.Бизди да кызыктырып.Кыргыздар коп барат болуш керек Буйурса.
+1
Talantsagynbaevkg
2017-09-13 19:30:54
фудбол болсо болсун ТВдан деле коруп алабыз мигранттарга зыяаны тийбесе болду
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан