"Диний кастыкты козуткан" деп айыпталып Биринчи Май райондук соту тарабынан 4 жылга эркинен ажыратылган журналист Зулпукар Сапановдун жактоочулары Бишкек шаардык сотуна даттанышат. Бул тууралуу анын жактоочусу кабарлады.
Эскерте кетсек, 12-сентябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Зулпукар Сапановду “Кыдыр санжырасы” аталышындагы китеби "Мусулмандардын диний ишенимине шек келтирет" деп таап, аны 4 жылга эркинен ажыраткан.
Айта кетсек, аталган китеп 2016-жылдын сентябрь айында жарык көрүп, дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү "Бул китеп ислам динине шек келтирет" деп УКМКга кайрылышкан.