Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Шэньян шаарында баш кошуп жаткан түгөйлөр үлпөт тоюн белгилөөдө велосипед менен сейилге чыгышты. Бул тууралуу Кытайдын орус тилиндеги «CGTN» телеканалына шилтеме берүү менен чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматта жазылгандай, лимузин же башка кымбат баалуу унааларды ижарага алуунун ордуна баш кошуп жаткан ашыктар велосипед менен сейилге чыгып, бир топ каражатын үнөмдөшкөн.
Достору менен биргеликте жалпы 30 велосипедди ижарага алышып, ага болгону 4,6 доллар төлөшкөн. Үлпөттөгү өзгөчө сейил шаардыктардын көңүлүн буруп, үйлөнүп жаткан түгөйлөрдүн бул кадамын туура деп сыпатташкан.