СУПЕРСТАН: "Кичинекей кезимде мугалимдер мектепте жашашса керек деп ойлочумун"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бала кездеги кызык ойлор, суроолор" деген темада автор: "Бала чакта бир нерселерди ойлоп, жооп таппай же чоңдордон сурай албай же сураганга чама келбей, анан кийин чоңойгондо ошол суроону эстеп, жообун билип өзүңөргө өзүңөр күлгөн учурлар болду беле?" - деп суроо салган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен 1-класста мугалим эжейлер каякта жашайт экен, мектепте жашашса керек деп ойлочумун".

"Карыялар кайрадан наристеге айланса керек деп ойлочумун. Бул дүйнөнү кайрадан жаңылана берчүдөй элестеткем да. Мисалы, таенебиз картайган сайын кичирейип баратканын көрүп, жакында кайра кичинекей наристеге айланат деп ойлочумун. Ошондо чоңдор чоңдугуна салганда "шашпагыла, силер да колума түшөрсүңөр, ошондо мен да силерге чоң болом" дегендей ой жүгүртчү элем. Кийин эс тартканда таенемди, андан соң таятамды узатканда билдим го, бул дүйнөгө келгендер экинчи жолу жаралбайт экенин".

"Мени кичинекей кезимде балдарга кошпойт эле. Көчөдү ызы-чуу болуп ойноп жатышса, мен терезеден карап турар элем. Ошондо мындай ой туулган: кичине айнектен чоң эле кишилер кантип батып көрүнөт деп ойлонуп өзүмчө кыйнала берет элем".
"Жанагы криминалдуу тасмаларда адамдарды өлтүргөн жерлерин көрүп калсам таң кала берчүмүн. Себеби ошол өлгөн адамдар чындап өлүп калышты деп кейий берчүмүн. "Эмнеге ушул тасма үчүн өлгөнгө даяр болду, ата-эне, балдары эмне болот?" деп кабатыр боло берчүмүн. Азыр эстесем күлкүм келет".
"Ий, айтпаңыз... Александр Балуев бир сериалда "өлгөн" эле. Анан жарнама көрүп отурсам эле жаңы тасманын үзүндүсүн көрсөтүп жатат, ал жакта да ошол эле киши бар экен. Анан мен "апей, тиги өлүп калды эле го" деп таң калсам, апам "ал деген кино" деп түшүндүргөнү эсимде. Баланын ою баёо деген ошол да".
"Кичинекей кезде кино көрүп жатып кантип эле караңгы болуп туруп дароо таң атып кетти деп ойлоно берчүмүн".
"Асманда Кудай баарын көрүп, билип турат дешсе, кантип эле көрсүн деп үйгө кирип жашынчумун. Аркы бурчка өтүп бекинсем деле, берки бурчка жашынсам деле асман көрүнө берчү, анан чын турбайбы дечүмүн. Анан да чын эле жашап жатамбы деп таң кала берчүмүн, эмнеге мындай же түшүмбү деп көзүмдү чыгып кетчүдөй чоң-чоң ачып текшерип коёт элем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aiza16
2017-09-13 18:17:08
А мен тарых мугалиминен билгем Гитлер адам болгонун. Ага чейин аны бир уюмдун аты катары ойлоп журчу элем.
0
nurbekasr
2017-09-13 18:28:19
Мен кичинекейимде мугалимдер тамак ичбесе керек деп ойлочумун.Кичинекей кезимде эмнеге мүрзөлөр жолдун четине жайгашкан деген ой келгенде,ойлоор элем жолдо бирөө олүп калса сразу эле алып барып көмгөнгө оңойлоштурган гоо деп.
0
Han1
2017-09-13 23:09:03
Мен гаилеоди адам эмес робот сыяктуу бир нерсе экен деп ойлочумун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан