Италияда жанар тоону көргөнү келген үй-бүлө лава атылып чыгуучу чуңкурга түшүп кетти

Италиядагы Сольфатара жанар тоосун көргөнү Венециянын Моала шаарынан келген үй-бүлө лава атылып чыгуучу чуңкурга түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, үй-бүлө жанар тоонун лава атылып чыгуучу чуңкурун көргөнгө келишкен.

"Көрүп жаткан маалда 11 жаштагы бала атайын тосулган өтмөктөн өтүп, буту тайып кетип чуңкурга түшүп кеткен. Жардамга келген ата-энеси да баласын тартып чыгарууга аракет кылып жатып алар да түшүп кетишкен. Коопсуз аралыкта турган үй-бүлөнүн 7 жаштагы баласы гана аман калган. Азыркы тапта бала асырап алуу органдарынын көзөмөлүндө, кийинчерээк ал туугандарына өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Сольфатара жанар тоосу Неаполго жакын Флегрейск талааларында жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Atas
2017-09-13 18:47:34
Iı jaman boluptur
+4
General.kg
2017-09-13 19:03:45
АЛЛАХЫМ бөөдө кырсыктан сактасын. Аябай аянычтуу болуптур.
+4
omka100514
2017-09-13 22:14:50
Бир убакта ата-энеси бир тууганынан ажырап кичинекей баласына кыйын болуптур
0
Nazaroff1974
2017-09-14 01:51:06
Тооба,тооба,ото жаман болуптур.
0
nazira...
2017-09-15 10:34:17
Андай коркунучтуу жерге не барат десен, шайтан айдады да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан