Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райкан Төлөгөновдун сотунда Бишкек шаарынын 5 тургуну күбө катары 2010-жылдын 7-апрелинде тоноочулук фактылары тууралуу көрсөтмө беришти. Суралгандардын төртөөсү тоноочулук болгон жерлерден Төлөгөновду көрбөгөндөрүн жана аны тааныбай тургандарын айтышты.
Арсен Туран аттуу күбө Бишкектин Иса Ахунбаев көчөсү менен Бакинский көчөлөрүнүн кесилиши тараптагы үйлөрдүн бири 7-апрель күнү тонолгонун, бирок ал жерден Төлөгөновду көрбөгөндүгүн айтып берди.
"Менин үйүмдүн алдында 4 унаа токтоп турган. Кечинде бир жарым мүнөткө жакын убакыт милиция кызматкерлери менен үйдү тоноого келгендердин ортосунда атышуу болду. Бирок эч ким жаракат алган эмес. Ал эми үй так кимге таандык экенин билбейм. Үйдүн ээси Сокулукта жашачу", - деди күбө. Ал суроолорго жооп берип жатып окуя болгон жерден "Төлөгөновду көргөн эмесмин, бул кишини тааныбайм дагы", - деп айтты.
Рахат Сыдыкбекова аттуу күбө дагы Бишкектин көчөлөрүнүн биринде тоноо фактысы боюнча көрсөтмө берди. "8-апрелден 9-апрелге караган түнү топтошкон балдар менин коңшумдун үйүн тоноп кетишкен. Мен терезеден гана карап тургам. Ал жерден колуна курал алган балдарды деле көргөн жокмун. А Төлөгөновду болсо, таптакыр эле көргөн эмесмин", - деди.
Дагы бир күбө Таалайбек Молдобек уулу Төлөгөновду Абдулла Юсупов менен тааныштырганын, кийин экөөнүн мамилеси тууралуу маалымат каражаттарынан окуганын белгиледи. "Төлөгөнов менен 1991-жылдан бери таанышмын. 2009-жылы түштүк облустарда иштерим чыгып калып бул кишиге "унааңыз менен барып келели" деп барып келгенбиз. Биз Жалал-Абадга эртең менен жеткенибизде Юсупов мага телефон чалып калды. Анткени ал экөөбүз тааныш болчубуз. Анан ал "үйгө келип чай ичип кеткиле" деп чакырды. Барып бир аз убакыт отуруп, андан ары жолубузду улаганбыз. Бирок Юсупов менен Төлөгөновдун өз ара сүйлөшкөнүн көргөн эмес элем", - деди күбө Молдобек уулу.
Сот бүгүнкү күнгө чакырылган күбөлөрдү сураган соң ишти 14-сентябрга жылдыруу чечимин кабыл алды.
Эске салсак, Төлөгөнов 2010-жылдын 7-апрелинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык мүлктөрдү тоногон деген негизде ал "тоноо", "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" боюнча айыпталууда. Ал ушул жылдын 28-март күнү 2010-жылдагы мародёрчулук боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган.