Аида Салянованын иши боюнча соттук иликтөөлөр аягына чыкты

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүн түштөн кийин уланган отурумдун жүрүшүндө жактоочулар сотко 9 жолу өтүнүч берди. Сот алардын өтүнүчтөрүнүн баарын канааттандыруусуз калтырды.

Мындан тышкары бүгүнкү отурумда Аида Салянованын иши боюнча 9 томдук соттук материалдар окулуп бүтүп, иликтөөлөр аягына чыкты. Андан соң айыпталып жаткан Салянова суралып баштады. Бирок жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу отурум токтотулуп, 15-сентябрга калтырылды.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын декабрь айында Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tular
2017-09-13 17:53:05
Аида Салановага эмнеге 2016-жылы иш козголот? 2013-жылы козгосо болбойт беле?
+2
amantur.kgg
2017-09-13 18:02:37
Ата мекен партиясын чекеден жок кыла башташты биринчи Текебаев кийин Салянова,Шыкмаматов баарына иш козгоду Текебаевдин сеньтябрь каналында жок окмот озун мактаган каналдарды кана калтырды телевизорду да коргун келбейт ачсан.
+2
Ayida
2017-09-13 20:46:52
Салянова сизге ийгилик!Хиджабка динге каршы болбосонуз эле болду Аллах жардам берсин сизге!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан