ЖЫЛНААМА, 13-СЕНТЯБРЬ: 25 жашында "алтын бутсага" ээ болгон Германиянын мыкты футболчусу Томас Мюллер 28 жашка толду

Дүйнөдөгү мыкты спортчулардын бири, Германиянын заманбап тарыхындагы эң таланттуу футболчусу Томас Мюллер бүгүн, 13-сентябрда 28 жашка толду. Мюллердин профессионалдык карьерасы мюнхендик “Бавария” футболдук клубу менен бекем байланышта.

Аны менен Мюллер 6 жолу Германия чемпиондугун, 4 жолу Германия кубогун, 3 жолу Германия Суперкубогун, 1 жолудан Чемпиондор Лигасын, УЕФА Суперкубогун жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун жеңген.

Томас Мюллер Германиянын Вайльхайм шаарында төрөлгөн. Жаш кезинен футбол менен алек болуп чеберчилиги менен айырмаланчу. Анын ата-энеси Томастын өнөрчүлүгүн көрүп “ТСВ Пель” клубунун спорттук клубуна берген.

10 жашында Томас Мюллер “Бавария” футболдук клубуна өтүп, аталган клубдун 2-командасында ойноп баштайт. Ал өзүн универсалдуу оюнчу жана ар кайсы позицияда ойной ала турганын көргөзгөн. Бат эле команданын лидери болуп, сезондун аягында жаштар арасындагы Германиянын чемпиону болот.

2007-жылы Томас Мюллер “Бавариянын” негизги командасына өтүп, алгачкы оюнуна “Гамбург” командасы менен болгон беттешке катышат. Бул беттеште ал өзүн жакшы көрсөткөнү менен ага ийгилик алып келген эмес. Чемпиондор Лигасындагы алгачкы оюну башкача көрүнүш. Португалиялык “Спортинг” менен болгон беттеште Мюллер алмашууга чыгып, бир нече мүнөттөн кийин чечүүчү голду киргизген.

Кийинки жылдары Томас Мюллер “Бавария” командасынын лидери болуп, Германияда мыкты футболчу болуп аталат. Германиянын улуттук курама командасы менен 2010-жылы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болот. 2012-жылы жана 2016-жылы Европа чемпиондугунун коло медалынын ээси болот. Ал эми 2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1-орунду ээлеп, “алтын бутсанын” ээси болот.

2009-жылы Томас Мюллер модель Лиза Мюллер менен баш кошкон. Буга чейин алар 2 жыл сүйлөшүп жүрүшкөн.

13-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан