Чүй облусунун Кара-Булак айылында 23-сентябрда үчүнчү "Кара-Булак" тоолуу жарым марафон орун алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, аталган марафондо 200дөн ашуун спортчу катышып, 4 категорияга жаш боюнча бөлүнөт: 35-44 жаштагылар, 45-55 жаштагылар, 55-65 жаштагылар жана 66 жаштан жогору категориялар.
Марафондо 200 жөө атлет жана 50 велоатлет катышат. Старт "Кашка-Суу" тоо базасынан башталып "Кара-Булак" экологиялык комплексинде жыйынтыкталат. Жарыштын аралыгы 21 чакырым 97 метрди түзөт.