Бишкек шаарынын Медеров көчөсүндөгү унаа токтотуучу жайдан муздаткыч, компьютер жана 400 литр солярка уурдаган деп шектелип 48 жаштагы жаран кармалды. Бишкек шаардык ИИББи билдиргендей, окуя 24-май күнү саат 14:00-17:00 аралыгында болгон. Болуп өткөн иш тууралуу шаардын 42 жаштагы тургуну Ф.Николай милицияга арыз менен кайрылып, андан соң укук коргоо кызматкерлери ыкчам иликтөө жүргүзүшкөн. Кылмышка шектүү жаран боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.