Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 2017-жылы 17-27-сентябрь аралыгында өтө турган уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарына катыша турган Кыргыз өлкөсүнүн кикбоксинг боюнча курамасы аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, аталган мелдешке спорттун 17 түрүнөн жалпы эсепте 153 Кыргыз спортчу катышат. Анын ичинен 12 спортчу кикбоксинг боюнча мелдештерге катышып, медаль жеңгенге аракет көрүшөт.
Маалымдай кетсек, жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери уюштурулуп келет. 2009-жылдан баштап уруш түрлөрү боюнча Азия оюндары кошулган. 2013-жылы Кореяда өткөн Азия оюндарында Кыргыз спортчулар 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алып, медалдык эсепте 29 команданын арасынан 15-орунга татыган.
Кикбоксинг боюнча Кыргыз курама командасы:
51 килограммга чейинки салмак ченинде: Акрам Баратов, Бактыгүл Абдисаламова;
57 килограммга чейинки салмак ченинде: Авазбек Аманбеков, Юлия Борисова;
63 килограммга чейинки салмак ченинде: Алексей Федосеев;
67 килограммга чейинки салмак ченинде: Айбек Дүйшөмбиев;
69 килограммга чейинки салмак ченинде: Эрик Воинов;
71 килограммга чейинки салмак ченинде: Адилет Бекжан уулу, Чынгыз Калбаев;
74 килограммга чейинки салмак ченинде: Келечек Оросбек уулу;
79 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Кудайбердиев, Ален Офойо;
89 килограммга чейинки салмак ченинде: Олжобай Кудайберди уулу;
Башкы машыктыруучу - Тахир Марасулов.