Жабык имараттагы Азия оюндары: Футзал боюнча Түркмөнстанга бара турган Кыргыз курамасы аныкталды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 2017-жылы 17-27-сентябрь аралыгында өтө турган спорттук уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарына катыша турган футзал боюнча Кыргыз курамасы аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке спорттун 17 түрүнөн жалпы эсепте 153 Кыргыз спортчусу катышат. Анын ичинен 12 спортчу футзал боюнча мелдештерге катышып, байгелүү орундарга ээ болот деген үмүт бар.

Маалымдай кетсек, жабык имараттагы Азия оюндары 2003-жылдан бери уюштурулуп келет. 2009-жылдан баштап уруш түрлөрү боюнча Азия оюндары кошулган. 2013-жылы Кореяда өткөн Азия оюндарында Кыргыз спортчулары 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алып, медалдык эсепте 29 команданын арасынан 15-орунга жазылган.

Футзал боюнча Кыргыз курама командасы:

Виталий Зубарев, Дилшат Кадыров, Ильяс Чотбаев, Манас Абдрасул уулу, Бексултан Назаров, Николай Шамонин, Максат Алимов, Актай Таштанов, Арстанбек Турсунов, Мирлан Жолдубаев, Дамир Исаков, Азимжан Юнусов.

Иса Бичанов - врач;

Нуржан Жетибаев - машыктыруучу;

Амиржан Муканов - башкы машыктыруучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sirgak_92
2017-09-13 20:26:57
Эмил Эдил Канетов Улан Байгазы Уулу Кирил Ермолов деген кучтуу ойунчулар жок го
0
jigit.paren
2017-09-13 21:21:50
Аа жакшы менин иним да бар экен Арстанбек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан